• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек казыяты чек ара жаңжалынан жабыркагандарга 70 плита жана 20 муздаткыч берди

Аймак 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Кечээ, 23-майда Бишкек казыяты шаардагы мечиттерден топтолгон жардамдарды Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан жабыр тарткандарга жеткирип берди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Жардам катары 70 даана электр жана газ менен иштей турган плита жана 20 муздаткыч Лейлек жана Баткен райондоруна жеткирилди. Алардын жалпы суммасы 1,5 миллион сомду түздү.

Белгилей кетсек, бул жардам Бишкек казыятынын атынан келген үчүнчү жардам болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий