• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек хореографиялык окуу жайына Гүлбара Даниярованын мемориалдык тактасы орнотулду

Маданият 0

Бишкек, 30.05.21. /Кабар/. Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайына Гүлбара Даниярованын мемориалдык тактасы орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтантуу иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлү, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, Кыргыз Республикасынын эл артисти, окуу жайдын алгачкы директору Рейна Чокоева жана Гүлбара Данияровнын жакындары катышты.

Иш-чарада Г. Данияровнын аталган окуу жайдын түптөлүшүнө кошкон салымы, адамдык парасаты жана кыргыз балетинин өнүгүп-өсүшүнө тийгизген таасири тууралуу сөздөр айтылды.

Кесиптик балеттин башатында Гүлбара Даниярова - М.Куренкеев атындагы Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык окуу жайынын (азыркы Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы) хореографиялык бөлүмүнүн көркөм жетекчиси жана алдыңкы мугалими болгон.

Ал өз өмүрүнүн кырк жылдан ашык убактысын балет бийчилерин тарбиялоо ишине арнаган.

Пикир

Оставить комментарий