• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп балерина Туляева дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.05.18. /Кабар/. Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп балерина Жамиля Туляева дайындалды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жамиля Туляева 1971-жылы туулган. Я.Ваганова атындагы Россия хореографиялык академиясын аяктаган, адистиги балет артисти, балет жаатын мыкты түшүнөт.

Эл аралык деңгээлдеги сыйлыктарга ээ. Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси.

Пикир

Оставить комментарий