• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек комендатурасына 5 күндүн ичинде өткөрмө кагаздарын алуу үчүн 16 миңден ашык электрондук арыз келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Бишкек комендатурасына 2-7-апрель күндөрү өткөрмө кагаздарын алуу үчүн 16 213 электрондук арыз келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Орозалиев билдиргендей, алардын ичинен 725 арыз жактырылган. "Өткөн суткада 180 электрондук арыз келип түшкөн", - деп кошумчалады ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 270 кишиге жетет. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий