• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек комендатурасына ӨА убагында өткөрмө кагаздарын алуу үчүн 52 миңден ашуун билдирме келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын комендатурасына 15-апрелден 3-майга чейин жалпысынан өткөрмө кагаздарын алуу үчүн 52 миң 131 билдирме келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алардын ичинен 7 миң 28 уруксат кагазы берилген.

Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылды.

Өкмөт COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тартып айрымдары өз иштерин кайрадан башташты.

Белгилей кетсек, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Бишкек шаарында коронавирус жуккандардын саны 231ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий