• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек коронавирустун жайылышы боюнча “кызыл зонага” кирди

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаары коонавирустун жайылышы боюнча “кызыл зонага" кирди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында эпидкырдаал Бишкек шаарында күч алууда.

“Бишкек “кызыл зонага", Чүй облусу “сары”, калгандары “жашыл зонага" кирди”, - дейт ал.

Бектурганов жарандарды санитардык талаптарды сактоого чакырды.

Белгилей кетсек, 6-апрелге карата Кыргызстанда дагы 124 адамдан COVID-19 жаңы табылса, анын ичинен 77 учур Бишкек шаарында катталган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 277 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 388 киши айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий