• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек курултайы 10-октябрда өтөт

Коом 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайы 2022-жылдын 10-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” токтомунун долбоорунда айтылат.

Токтомдун долбооруна ылайык, курултайда эки маселе каралат:

- Бишкек шаарынын мэринин 2022-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн отчету;

- КР Элдик курултайына делегаттарды шайлоо жөнүндө.

Бишкек курултайына 500 делегат чакыруу пландалууда:

  • Ленин району - 125 делегат;
  • Октябрь району - 140 делегат;
  • Биринчи май району - 101 делегат;
  • Свердлов району – 134 делегат.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Өз кезегинде, алдын ала маалымат боюнча, биринчи Элдик курултайды 25-ноябрда Бишкекте өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий