• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек “кызыл зонага” киргенине карабай вакцина алгандардын саны аз болууда — Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 14.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 14-январга карата коронавирус 586 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир суткада вакцинанын биринчи дозасын 7 миң 517, экинчи дозасын 3 миң 494 адам алды. Өлкө аймагында жалпы 1 млн 258 миң 477 адам эмделсе, экинчи дозаны 1 млн 51 миң 159 жаран алды.

“2020-жылдын март айынан бери медкызматкерлердин 81 пайызы, билим берүү кызматкерлеринин 78,9 пайызы, 60 жаштан жогору курактагы жарандардын 31,5 пайызы эмдөөдөн өттү. Жарандардын 70 пайызы вакцина алгандан кийин гана жамааттык иммунитет түзүлөт”, - дейт ал.

Акматова вакцинаны активдүү алгандар Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош облустарында байкалып жатканын айтат.

“Бул аймактарда калктын болжол менен 70 пайызы эмделди. Ал эми Баткен, Чүй жана Бишкекте вакцина алгандар аз болууда. Эскерте кетсем, Бишкек коронавирустун жайылышы боюнча “кызыл зонага” кирет”, - дейт ал.

Коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы жарандарды вакцина алууга чакырып, учурда эмдөө бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, 868 эмдөө пунктарында жана кошумча ачылган 123 пунктунда жүрүп жатканын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий