• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек: Ленин районундагы мобилдик топтор тарабынан коронавирус жуктурган 49 учур аныкталган

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районундагы мобилдик топтор тарабынан коронавирус жуктурган 49 учур аныкталган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин районундук администрациясынын башчысы Токтосун Султанов билдирди.

Анын айтымында, №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында 10 мобилдик топ уюшулган.

"Мобилдик топтун курамы - дарыгер, эпидемиолог, лаборант жана айдоочу болуп 4 адамдан турат. Бардыгы болуп 40 адам тартылган жана 4 оператор иштейт. Мобилдик топтун ишин уюштуруу үчүн мэрия тарабынан унаа, тамак-аш, күйүүчү май жана жеке коргонуучу каражаттар бөлүнгөн. Мобилдик топтор тарабынан жалпы 2 миң 380 чыгуу болуп, жарандардан анализ алынган", - дейт ал.

Султанов маалымдагандай, район боюнча коронавирус жуктурган 82 адамдын ичинен 49 учуру мобилдик топтор тарабынан аныктаган.

"Анын ичинен 17 учур жаңы конуштарда катталган. Ал эми илдет жуктурган 49 адамдын кошуналарынан дагы анализдер алынып, жыйынтыгы таза чыкты", - дейт аким.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 843кө жетти. Алардын ичинен 217си медицина кызматкери. Илдеттен 600 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 11 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий