• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-“Манас” аэропорту жолунда мас айдоочу велосипедчен жарандарды сүзүп, бирөө каза болду – видео

Коом 0


Бишкек, 30.06.20 /Кабар/. Бишкек-“Манас” аэропорту жолунда “Ауди” унаасы велосипедчен бара жаткан жарандарды сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жол кырсыгы бүгүн болжол менен саат 10:30да болгон. Жол кырсыгынын жыйынтыгында бир жаран алган жаракаттарынан улам окуя жеринде каза болгон, дагы бир жаран ооруканага жеткирилген.

Айдоочу – Сокулук районунун 39 жаштагы тургуну мас абалда болгону аныкталган.

Учурда унаа айып аянтчасына коюлган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий