• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Бишкек-Манас аэропорту» жолундагы бардык кемчилдиктер жалданма мекеменин эсебинен четтетилет – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 20-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. «Бишкек-Манас аэропорту» жолун оңдоодогу бардык кемчилдиктер жалданма мекеменин эсебинен четтетилет. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Ал билдиргендей, тилекке каршы, өткөн жылы курулган Бишкек- Манас аэропорту жолу иштетүүгө жетишпестен бузула баштаган. “Бул долбоор боюнча комиссия түзүлдү. Лабораториялык-инструменттик изилдөө жүргүзүлдү. Быйылкы жылы бардык кемчилдиктер жалданма мекеменин эсебинен четтетилет”, - деди Ж.Калилов.

Мындан тышкары, министр белгилегендей, быйыл ведомство “көчмө лаборатория” деп аталган жабдууларды сатып алууда. Бул лабораториялар россиялык өндүрүшкө таандык. Алар жер астында жана үстүндө текшерүү жүргүзүүгө жөндөмдүү. “Биз алардын бирин түштүктө, экинчисин түңдүктө колдонууну ойлоп жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий