• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мектептеринин арасында "Свердлов району COVID-19га каршы" аттуу челлендж башталды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунун мектептеринин арасында "Свердлов району COVID-19га каршы" аттуу челлендж башталды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чаранын алкагында педагогикалык жамаат жана мектеп окуучулары шаардыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырат.

"Бул чакырыкка №43, №46 жана №52 орто мектептердин окуучулары жана мугалимдери кошулду. Алар шаардыктарды эмдөөдөн өтүүгө жана башка мектептерди эстафетага катышууга чакырат. Иш-чара коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү колдоо максатын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мекемедеги “Жашыл аймак” стикери бул мекеменин кызматкерлеринин 70%дан ашыгы коронавирус инфекциясына каршы вакцина алганын көрсөтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий