• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек менен аймактар аралык каттамдар токтотулат - премьер-министр

COVID - 19 0

Бишкек, 20.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек менен аймактар ​​аралык каттамдар токтотулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдетин жуктургандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу өкмөт жана Республикалык штаб бир нече эрежелерди өзгөрттү.

"Учурда Бишкек, Чүй облусу, Ош шаары коронавирустун очогу болууда. Оорунун чыгышы да ушул жерлерде көп катталып жатат. Буга байланыштуу Бишкек шаары менен аймактардын ортосундагы коомдук транспортторду токтотуу маселесине кайрылып жатабыз. Бишкекте чыгып жаткан ооруну аймактарга таратпоо керек. Ысык-Көл, Нарын, Талас облусунда абал туруктуу, ал жерлерге илдетти жайылтпашыбыз керек", - дейт ал.

Боронов аймактар аралык такси, жеке автоунаа жана жүк ташуучу унаалар толук кандуу ишин жургүзө берерин айтат.

Пикир

Оставить комментарий