• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек менен Ашхабад түз авиакаттамды кайрадан жандандырууну көздөөдө

Коом 0

Ашхабад, 24.08.18 /Кабар/. Бишкек жана Ашхабад түз авиакаттамдарды кайрадан жандандырууну көздөп жатат. Бул тууралуу журналисттерге Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон иш сапарынын биринчи күнүнүн жыйынтыгы туурауу айтып жатып билдирди.

“Президент Жээнбеков дагы авиакаттамды жандандыруунун маанилүүлүгү тууралуу айтты. Бул маселе көп жылдан бери көтөрүлүп келет, бирок азырынча эч кандай жылыш жок. Жакында бул маселе боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү сунуштарды жиберебиз деп ойлойм. Бул маселелердин баары чечилет деп ишенебиз”, - деди министр.

Эске салсак, Ашхабадда транспорт тармагындагы кызматташтыктын негизги принциптери тууралуу Кыргызстандын жана Түркмөнстандын өкмөттөрүнүн ортосунда өз ара түшүнүү тууралуу Меморандумга кол коюлган. Бул Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагындагы кол коюлган 11 документтин бири.

Пикир

Оставить комментарий