• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек менен Чүй облусунда эки күнгө жолдор убактылуу жабылат. Себеби

Коом 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун негизги көчөлөрүндө унаалардын өтүүсүнө эки күнгө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келерине байланыштуу кошуна өлкөнүн делегацияларын тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурларында Бишкек жана Чүйдө төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турут:

- Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектинен тартып, мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

“Жогорудагы чектөөлөр киргизилген көчөлөргө автоунаа каражаттарын токтотпоону, жол кыймылынын эрежелерин бузуп, карама-каршы тилкеге чыкпоону өтүнөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий