• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек менен Душанбе жер участкалары менен алмашуу мүмкүнчулүгүн талкуулады

Коом 0

Бишкек. 08.04.19 /Кабар/. Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган кыргыз делегациясы 4-6-апрелде Душанбе шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйынына катышты.

Тажикстан делегациясынын башында премьер-министринин орун басары Азим Иброхим турган.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган участкаларынын долбоордук сызыктарын түшүрүүнү улантуу, чек ара тилкесинде камтылган жана ар кай жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер участкалары менен алмашуу жана мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелеринде туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле ири масштабдуу делимитациялык топографиялык карталарды түзүүнү аяктоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын Протоколуна кол коюлду. Тараптар өз ара пайдалуу негизде тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара сызыктарын аяктоого даярдык билдиришти, бул чектеш аймактардагы туруктуулуктун жана коңшулаштыктын кепилдиги болот.

Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 976 км, бүгүнкү күндө анын 504 км гана такталган.

Пикир

Оставить комментарий