• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек жана Екатеринбург шаарлары ортосундагы кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусундагы Екатеринбург шаарынын башчысы Александр Высокинский менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Екатеринбург жана Бишкек шаарларынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланган.

Андан тышкары, тараптар соода-экономикалык, ишкердик байланыштарды күчөтүү жана бекемдөө зарыл экендигин билдиришкен.

"Тараптар КРнын Россиядагы РФнын Кыргызстандагы кайчылаш жылынын алкагында өткѳрүлчү иш-чаралардын биргелешкен планын иштеп чыгуу жѳнүндѳ макулдашууга жетишишти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий