• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек менен Москванын мамилеси. Алдыда эмнелер күтүлөт?

Коом 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан 8-регион аралык орус-кыргыз конференциясынын алкагында эртең мененки бизнес тамактануу маалында Кыргызстан менен Россиянын борбор шаарлары ортосундагы кызматташуу талкууланды.

Белгилүү болгондой, Россияда экономиканы санариптештирүү боюнча ири улуттук долбоор ишке ашууда.

Москванын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыш Департаментинин жетекчиси Сергей Череминдин айтуусу боюнча, Бишкек менен Москванын кызматташтыгы тууралуу 2017-жылдын июль айында кол коюлган программаны ишке ашыруу жүрүүдө.

“Биз өзүбүз үчүн бир нече негизги учурларды аныктап алдык. Биринчиден Бишкекке заманбап интеллектуалдык транспорттук системаны түзүүгө колдоо көрсөтүү. Кечээ биздин кесиптештер диспетчердик борборлорду, жол жүрүүнү уюштуруу борборлорун, заманбап унаа токтотуу жайын түзүү жана шаардык тарспорт үчүн бирдиктүү билет системасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзүштү. Ошондой эле биз билим жаатында да кызматташуу боюнча макулдашууларды жүргүздүк. Атап айтканда, Москва электрондук мектептерди түзүү боюнча тажрыйбасы жогору жана биздин компания Кыргызстандын мектептерине китептердин, методикалык китепчелерди жана заманбап инженердик класстарды уюштуруп берүүгө даяр”, - дейт Черемин.

Ал кошумчалагандай, кечээ Бишкектин турак-жай Департаменти жана россиялык компания ортосунда протоколго кол коюлду. Ал протоколдо КРнын аймагында тазалоо системасын жана технологияларды өндүрүү, даярдоо жана орнотуу тууралуу айтылат.

“Биз ошондой эле экономикалык кызматташуу боюнча москва-кыргыз комиссиясын жандандыруу тууралуу кеп кылып, жакынкы убакта ошол документке кол коюлат”,- дейт Черемин.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов баардык айтылган сунуштарды колдоп, алар сөзсүз түрдө жакшы жыйынтыктарды алып келет деди.

Пикир

Оставить комментарий