• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек менен Нарын шаарларында 2 көп кабаттуу үй жеңилдетилген шартта ипотекага берилүүдө

Экономика 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Бишкек менен Нарын шаарында 2 көп кабаттуу "Ижара менен сатып алуу" жолу аркылуу берилүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсынын башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.

Ал белгилегендей, "Ижара менен сатып алуу" жаңы продуктысы иштелип чыгып, ал боюнча жарандар турак үйдү ижарага алуу жолу менен үйлүү боло алышат.

Учурда Бишкек менен Нарын шаарында эки көп кабаттуу үйлөр курулуп, колдонууга берилгени турат. Нарын шаарындагы турак үй 5 кабаттуу болуп, анда 1-2 бөлмөлүү 60 батир бар. Бишкектеги үй Тунгуч кичи районунда жайгашкан. Ал 9 кабаттуу үйдө 135 батир каралган.

"Алар жылдык 6% менен берилет. Алгачкы төлөмү жок, 15 жылга берилет", - деди ал.

Ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулунун айтымында, турак үйлөр биринчи кезекте билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жана маданият тармагында иштеген жарандарга берилет.

Анын айтымында, ипотека алуучу адамдардын тизмесин жергиликтүү администрация тактап берип, компания ал ишке аралашпайт.

Пикир

Оставить комментарий