• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек менен Ошто коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн орундар көбөйтүлөт − Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн орундар көбөйтүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек жана Ош шаарында коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн 335 орун бар. Ооруга чалдыккандардын саны көбөйүп жаткандыктан кошумча орундарды түзүү пландалууда.

“Ал эми ооруканадан тышкаркы пневмония тууралуу айтсак, Воронцовкадагы курортология институту кечээ күндөн тарта бейтаптарды кабыл ала баштады. Бүгүндөн тарта №1 шаардык клиникалык ооруканасында типтүү эмес пневмония үчүн (внелегочноя пневмония) 92 орун дайындалды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий