• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек менен Ошто Өзбекстандын маданий күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 25.09.17. /Кабар/. 6-7-сентябрга чейин Бишкек жана Ош шаарларында Өзбекстан Республикасынын маданий күндөрү өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маданий иш чарага Өзбекстандан чакырылган атайын делегаттар катышат. Алардын курамында мамлекеттик кызмат өкүлдөрү, аткаруучулар жана чыгармачыл топ.

Маалым болгондой, 6-октябрда Бишкектеги “Октябрь” кино театрында “Ойкиз эртаги” өзбек тасмасы көрсөтүлөт. Кечинде Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Өзбекстандын чыгармачыл тобу атайын даярдалган концерттик программа тартуулашат.

Иш чаранын экинчи күнү 7-октябрда маданий иш чара Ош шаарында өтөт.

“Сейтек” кино театрында тасма көрсөтүлүп, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өнөр чеберлери концерт тартуулашат.

Өзбекстандын КРги маданий күндөрүнүн алкагында “Заманбап Өзбекстан” аталыштагы сүрөт көргөзмө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий