• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек мэри абанын температурасы төмөндөбөйт жана жоогазындар үшүбөйт деп үмүттөнөт

Коом 0

Бишкек, 27-апрель /Салтанат Абдраева-кабар/. “Абанын температурасы төмөндөбөйт жана жоогазындар үшүбөйт деп үмүттөнөм”,-деди Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов “Кабар” агенттигине.

Эскерте кетсек, ӨКМ шашылыш билдирүү тараткан. Ага ылайык, 27-апрелден 1-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил- мезгили менен жаан, тоолуу райдордо кар жаайт. 28-29-апрелде Талас өрөөнүндө, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында Чүй, Ош, жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланат. Тоолуу жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

“Шаарда мындай олуттуу суук болбойт деп үмүттөнөм. Жоогазындар абанын температурасы минус абалына түшөр замат үшүп баштайт. Биз абанын тепературасы жылуу эле болот деп күтүп жатабыз. Абанын температурасы кеминде +10 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Гүлдөр мындай абага эч нерсе болбойт”,-деди ал.

Эскерте кетсек, бул жылы Бишкекте 130 миң түп жаагазын отургузулган. Азыркы учурда алар гүлдөп, шаардыктардын жана коноктордун көз жоосун алып турган учуру.

Пикир

Оставить комментарий