• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кут конушунун тургундары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Кут конушунда борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев менен конушта жашаган активдүү тургундардын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана трансформатордук көмөкчордонду орнотуу боюнча суроолорду беришти.

Айбек Жунушалиев жер-жерлерде мобилдик топтор техникалык паспортторду даярдап, график боюнча иштеп жатканын билдирди.

Ошондой эле шаар тургундарына турак жайды борбордун Ленин районуна бекитүү пландалып жатканы түшүндүрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри эки ай ичинде эки электр көмөкчордонун (КТП) орнотууну, мектептин долбоорун быйылкы жылдын титулдук тизмесине киргизүүнү жана суу алуучу көмөкчордон куруу мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий