• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров жаштар менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 24.02.23./Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Жаштар иштери боюнча консультациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жаштардын потенциалын өнүктүрүү жана жаштарга тиешелүү чечимдерди кабыл алууга активдүү жаштардын катышуусу талкууланды. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары өз ойлорун, демилгелерин айтып, долбоорлор, шаар чөйрөсүн калыптандыруу боюнча сунуштарын айтышты.

Эмилбек Абдыкадыров мындай жолугушуулар жаштарга шаар бийлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү, ошондой эле көйгөйлөр, келечектүү долбоорлор жана жаштардын жаңы демилгелери тууралуу ачык баарлашууга шарт түзүүгө багытталганын белгиледи.

Белгилей кетсек, иш-чара “Балдарга жана жаштарга достук шаар” долбоорунун алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий