• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэри Бириккен Араб Эмираттарынын элчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 01.08.22 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстандагы элчиси доктор Мохаммад Саид Мохаммад Аль-Арики менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мэр өз ара пайдалуу кызматташтыкты, атап айтканда, шаарлар аралык деңгээлде өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар БАЭ шаарлары менен достук тажрыйба алмашуу маселесин да талкуулашты.

Мындан тышкары, мэр Эмилбек Абдыкадыров араб тарап менен биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий