• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэри Баткен облусунда жаракат алгандардан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кыргыз-тажик чек ара арасындагы жаңжалда жабыркагандардын ал-акыбалынан кабар алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы Клиникалык тез жардам ооруканасында жана Улуттук госпиталда болуп, дарыланып жаткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Мэр “Достук” мейманканасында убактылуу жайгашкан үй-бүлөлөр менен да баарлашып, алардын да ал-акыбалын сурады.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонгон.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

17-сентябрда тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган, андан кийин Достук айылын аткылаган.

Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Ал ортодо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу расмий билдирүү таратып, Тажикстандын агрессиясын алдын ала пландалган куралдуу акт катары баалай тургандыгын билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 19-сентябрындагы Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоминин брифингде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча айткан пикири дипломатиялык этикага жооп бербей тургандыгын билдирди.

20-сентябрга карата чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 59 кишиге жетти, 183 адам жабыркады.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын 20-сентябрь саат 08:30га карата маалыматына ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий