• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэри Беларустун Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэри Айбек Жунушалиев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, анын ичинде коомдук транспортту жана коммуналдык кызматтарды (кар тазалагычтар, таштанды ташуучу унаалар) өнүктүрүү боюнча кызматташууну күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо эки тарап үчүн маанилүү экенин белгилешип, мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташууга ишеним билдиришти.

Эске сала кетсек, 2008-жылдын 11-октябрында Бишкек менен Минсктин ортосундагы боордоштук мамилелер боюнча меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий