• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэри: Эгемендүүлүктү жана эркиндикти чагылдырган кыргыз туусу бийик болсун

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардыктарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы менен куттуктады.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, куттуктоонун тексттинде төмөнгүдөй айтылат:

“Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

Эркин мамлекеттин символу бул анын туусу эмеспи. Бүгүн биз кыргыз туусунун 30 жылдыгын белгилеп, эгемен өлкө экенибизди дагы бир жолу далилдеп жатабыз.

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул күнү, 3-мартта өлкөнүн башкы символу биринчи жолу асманга көтөрүлүп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүн бүт дүйнөгө таанытты. Туу биздин улуттук сыймыгыбыз жана ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө жоопкерчиликти, патриоттуулукту, Мекенге болгон сүйүү сезимин ойгото турган символ.

Желегибиздин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин белгиси, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү экендигин белгилеп кетким келет.

Туубуз өлкөбүздүн жана андагы жашаган элдердин өнүгүүгө, келечекке болгон умтулуусун, биримдигин айкындап турат. Келечек муундун бактылуу жашоосуна багыт берип турган кыргыз туусу элибиздин эртеңки жаркын турмушуна болгон чакырыктай мааниге ээ.

Дүйнө жүзүндөгү ири эл аралык иш-чараларда биздин мамлекеттик желегибиз барган сайын бийик көтөрүлүп жатканы мени абдан кубандырат.

Урматтуу шаар тургундары!

Ардактуу коноктор!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен чын дилимден куттуктайм. Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, Мекенибизге - тынчтык, биримдик жана өнүгүү каалайм! Эгемендүүлүктү жана эркиндикти чагылдырган Желегибиз желбиреп, Кыргыз туусу бийик болсун!”.

Пикир

Оставить комментарий