• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэри Екатеринбургдан келген делегация менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров Екатеринбург шаарынын мэри Алексей Орлов баштаган Урал бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолгушуунун жүрүшүндө тараптар шаарды өнүктүрүүдө тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык жана билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн талкуулашты.

Бишкек шаарынын мэри шаарлар ортосунда 1996-жылы түзүлгөн өнөктөштүктү кеңейтип жигердүү иш алып баруу маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде, Екатеринбург шаарынын мэри калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровду 2023-жылы жайында Уралдын борборунда өтө турган Эл аралык университеттик спорт фестивалына чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мамилелердин экономикалык багытында кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде эки шаардын бизнес-коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты жолго коюуга үмүттөнөрүн билдиришти.

Иш сапардын алкагында коноктор И.В. Панфиловдун эстелигине гүлчамбар коюшту.

Эске салсак, өткөн жылы Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелигинин так көчүрмөсү Бишкекке алынып келип орнотулган. Көчүрмө Россиянын Свердлов облусу менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында колодон куюлган.

Пикир

Оставить комментарий