• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэри Франциянын делегациясы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.10.17. /Кабар/. Бишкек мэриясынын жыйындар залында калаа мэри Албек Ибраимов Франциянын ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Бишкектин инвестициялык потенциалы жана шаардык ишмердиктин бардык тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Шаар мэри конокторду “Акылдуу шаар” долбоорунун ишке ашырылышы менен тааныштырды. Өз кезегинде делегаттар шаар башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдиришип, санариптик технологиялар тармагында кызматташууга ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий