• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте курулуп жаткан мектептердин бирине япон классын ачуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты.

Өз кезегинде, элчи «Run the Silk Road» Бишкек эл аралык жарым марафонун жана Япония күнү фестивалын өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Мэр шаардык муниципалитет мындай иш-чараларды өткөрүүгө ар дайым колдоо көрсөтүп, борбор калаада спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, борбор калаанын мэри Бишкек шаарындагы курулуп жаткан мектептердин бирине япон классын ачуу сунушун киргизди.

Пикир

Оставить комментарий