• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек мэри көмүр отказандарын газга өткөрүүнү тездетүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров көмүр отказандарын газга которуу үчүн ишин тездетүү тапшырмасын берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Эмилбек Абдыкадыров абанын булганышына таасир этүүчү факторлорду чечүү боюнча иш-чаралардын алкагында "Бишкекжылуулукэнерго"коммуналдык ишканасына барды.

Иш сапардын жүрүшүндө мэр мекеменин кампасында болду. Кампада 32 жаңы газ отказан, алардын кубаттуулугу 300-500 кВт болгон 32 күйдүргүч, 300-500 кВт болгон тетиктер, 32 насос, 16 химиялык суу тазалагычтар, 16 бирдик кошумча жабдуулар (термометр, монометр, вентиль) сакталат. Алар түркиялык компаниядан сатып алынган.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында шаар мэри көмүр отказандарын газга өткөрүү процессин тездетүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, жакында борбордун батыш тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдү, мектептерди, социалдык мекемелерди, ишканаларды, үйлөрдү тейлеген отказандарга жаңы газ менен иштеген жабдуулар орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий