• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэри конуш тургундары менен техпаспортторду берүү маселеси боюнча жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында турак жайларга техникалык паспорт берүү маселеси боюнча жыйын өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында шаар мэри Бишкек шаарынын конуштарындагы тиешелүү документтери жок салынган курулуштарга белгиленген тартипте техпаспорттор берилип жаткандыгын билдирип, анын негизинде жашоочуларды жашаган жери боюнча каттоо жана эсепке алуу зарылчылыгын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Санариптик өнүктүрүү министрлигине жогоруда аталган токтомдун негизинде даярдалган техникалык паспоттор менен жарандарды каттоо жана эсепке алуу маселесин чечүү боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте иштеп чыгуу сунушталды.

Белгилей кетсек, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 15-январга карата конуштардын тургундарына 831 техникалык паспорт берилген.

«Жер-Ынтымагы» конушу боюнча 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда канааттандыруудан баш тартылган, 1200 техникалык паспорт даярдалган.

Ошондой эле, “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамик”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, "Тынчтык", "Учкун" конуштарынан 2021-жылдын 13-декабрынан бери 851 кайрылуу кабыл алган.

2022-жылдын 11-январынан бери Дордой-2 жаңы конушунда да иш башталып, анын тургундары 461 арыз менен кайрылышкан.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң техникалык паспорт даярдашат. Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий