• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэри курулуп жаткан мектептер окуу жылына чейин бүтпөй калышы мүмкүндүгүн айтты

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулуп жаткан мектептер жаңы окуу жылына чейин бүтпөй калышы мүмкүндүгүн айтты.

Анын айтымында, учурда бул багытта иш жүрүүдө.

“Бирок бул убакыт жаңы мектепти курууга аздык кылат, жаңы окуу жылына үлгүрбөй калышыбыз мүмкүн”, - деди ал.

Бишкекте Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 15 мектептин жана бир бала бакчанын курулушу башталган.

Эскерте кетсек, Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп үстүбүздөгү жылдын 24-февралында дайындалган. Буга чейин аталган кызматты Айбек Жунушалиев аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий