• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэри “Наристе” балдар фольклордук фестивалынын делегаттары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Наристе” III эл аралык балдар фольклордук фестивалынын делегаттары менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр конокторго жаркын оюн көрсөтүп, фестивалга активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар маданий алмашууга салым кошуп жатканын белгиледи.

Жолугушууда чыгармачыл топтордун жетекчилерине жана катышуучуларга муниципалитеттин эстелик белектери тапшырылды.

Белгилей кетсек, Бишкекте 30-майдан 8-июнга чейин "Наристе" III эл аралык балдар фольклордук фестивалы өтүүдө. Аталган фестивалга Россия, Казакстан, Тыва, Монголия, Башкирия, Саха, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан I Бишкек Дельфий оюндарынын жеӊүүчүлөрү катышууда.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын жана чакырылган өлкөлөрдүн ар кандай балдар фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин өнөрлөрү, мастер-класстар, ар кандай чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, илимий-практикалык конференциялар, элдик искусствосунун көргөзмөлөрү, маданият жана прикладдык искусство тармагындагы инновациялык долбоорлордун бет ачары өтүп, шаардын тарыхый-маданий жерлерине экскурсиялар, Ысык-Көл жана анын тарыхый объектилери менен таанышуу орун алууда.

Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий