• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэри Октябрь районун кыдырып чыкты

Коом 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Шаардык муниципалитет башчысы Албек Ибраимов Октябрь районун кыдырып, көпүрө жана жолдордун жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар башчы Медеров-Токтоналиев, ошондой эле, Достоевский көчөсүн Ахунбаев көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин жол куруу иштерин текшерди.

Андан соң мэр Аламүдүн дарыясындагы Токомбаев жана Л.Толстой көчөлөрүндөгү көпүрөлөрдүн курулуш иштери менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр жолдордун жана көпүрөлөрдүн курулуш иштери үчүн жоопкерчиликтүү кызматтарга ишти сапаттуу жана мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Кыдырууга вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев, Октябрь районунун башчысы Нурбек Курманбеков, ошондой эле, шаардык кызматтардын жана мэриянын тузүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышышты.

Пикир

Оставить комментарий