• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкек мэри пара-пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучулары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев пара-пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучулары менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, чемпионат Тбилиси шаарында (Грузия) 2021-жылдын 25-ноябрынан 6-декабрына чейин өтөт.

Айбек Жунушалиев спортчуларды узатып, аларга жаңы ийгиликтерди каалап, эстеликке чакан белектерин тапшырды.

Эл аралык мелдештерге төмөнкү спортчулар катышат:

- Калиев Эсен – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, 2012-жылдагы (Лондон) жана 2016-жылдагы (Рио-де-Жанейро) эки Паралимпиада оюндарынын катышуучусу – 5-орун, 2018-жылдагы Дүйнө чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун бир нече жолку жеңүүчүсү;

- Оросбаев Жыргалбек - Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Паралимпиада оюндарынын катышуучусу - 6-орун, өспүрүмдөр арасында дүйнөлүк рекордсмен, Дүйнө кубогунун бир нече жолку жеңүүчүсү;

- Замирбек уулу Азизбек - Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2019-жылы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси (Астана), 2021-жылы Тбилисиде өткөн чоңдор арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, 2021-жылы Тбилиси шаарында өткөн өспүрүмдөр арасында өткөн дүйнөлүк чемпионаттын 1-орун, 1-орун 2021-жылы Дубайда өтүүчү жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда орун;

- Нарбаев Азизбек – 2021-жылы Дубайда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 1-орун;

- Руслан уулу Темирлан - 2021-жылы Дубайда өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында 1-орун;

- Болоталиева Миргүл - 2021-жылы Дубайда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын катышуучусу;

- Джабраилов Аднан Зайндиевич - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген ишмер, СССРдин спорт чебери;

- Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер, СССР спорт чебери, теннис, паралимпиадалык жана күч спорт түрлөрү боюнча спорт мектебинин директору.

Спортчулар Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде теннис, паралимпиадалык жана күч спорттун түрлөрү боюнча машыгышат.

Маалымдама: СДЮШОР 1965-жылы негизделген. Анын 6 бөлүмү бар: теннис, стол тенниси, пара-армрестлинг, пара-пауэрлифтинг, пара-дзюдо жана пара-таэквондо. Бул Кыргызстанда паралимпиадалык статуска ээ болгон жана биздин өлкөдө майыптар спортун өнүктүргөн жалгыз спорт мектеби. 60 баланы камтыган 5 окуу тайпасы иштейт. Кафедранын тарбиялануучулары Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларынын Спартакиадасынын жана башка эл аралык мелдештердин жана турнирлердин бир нече жолку чемпиондору жана байге ээлери.

Пикир

Оставить комментарий