• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэри шаардыктарды Пасха майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 08.04.18. /Кабар/. Бишкек мэри Албек Ибраимов шаардыктарды Пасха майрамы менен куттуктады.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ибраимодун куттуктоосу төмөнкүдөй:

“Урматтуу праваслав шаардыктар!

Урматтуу бишкектиктер!

Мэриянын жана өзүмдүн атыман кайра жаралуу, руханий тазаруу, боорукердик жана адамрдын айлана чөйрөгө сүйүүсүн чагылдырган христиандардын башкы майрамдарынын бири – Ыйык Христов Пасхасы менен куттуктоого уруксат этиңиздер!

Жаркын праваслав майрамы сиздердин үйүңүздөргө бакыт, ишеним, аруу тилектерди алып келсин, жүрөгүңүздөрдө жашоого жана жакшы иштерге умтулуу ойготсун.

Чын жүрөктөн тынчтык жана ынтымак, түшүнүү жана колдоо, бакыт жана сүйүү каалайм! Христостун кайра жаралуу күнү менен!

Пикир

Оставить комментарий