• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясында абанын булганышы боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын абасынын булганышы боюнча ведомстволор аралык кезексиз комиссиянын пландык жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө кара түтүн менен күрөшүү, булгануунун ар кандай деңгээлдериндеги оорулардын алдын алуу алгоритми, коомдук транспорттун экологиялык түрүн өнүктүрүү планы жана маршруттук схемаларды оптималдаштыруу ыкмалары жана башка маселелер да каралды.

Эмилбек Абдыкадыров каралып жаткан маселелердин приоритеттүүлүгүн белгилеп, түтүн көйгөйүн узак мөөнөттүү чечүүгө комплекстүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Шаардык жана тиешелүү кызматтарга Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча кадамдык иш-чаралардын планына бир жумалык мөөнөттө киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий