• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэри Сурдолимпиада оюндары жана Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү менен жолукту

Спорт 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Сурдолимпиада оюндарынын жана 2022-жылы өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар мэри спортчуларды жана машыктыруучуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, акчалай сертификаттарды жана баалуу белектерди тапшырды.

Спорттогу жогорку жетишкендиктери үчүн борбордун спорттук мектептеринин спортсмендери сыйланышты:

1. Каналбек уулу Ильгиз - Сурдолимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча 3-орун;
2. Марков Миляс Александрович – Сурдолимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча 3-орун;
3. Исаков Алмазбек Жаныбекович - эркин күрөш боюнча 2-орун;
4. Жумакадыров Смадияр Сталбекович - грек-рим күрөшү боюнча 3-орун;
5. Марсбекова Бермет Марсбековна - таэквондо боюнча 3-орун;
6. Мавлонов Азамат Ахматович - таэквондо боюнча 2-орун;
7. Камчыбек уулу Эрлан - Азия чемпионатында пара-армрестлинг боюнча 2-орун;
8. Токтосун уулу Бекболсун - Азия чемпионатында пара-армрестлинг боюнча 3-орун.

Ошондой эле машыктыруучу мугалимдер сыйланышты:

- Акопян Арам Яникович – грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу;
-Ушуров Фархад Аблимизитович - эркин күрөш боюнча машыктыруучу;
- Понамарев Дмитрий Викторович - таэквондо боюнча машыктыруучу;
-Ушуров Рустамжан Фархадович – грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу;
- Алчинов Олег Евгеньевич – пара-армрестлинг боюнча машыктыруучу.

Борбор калаанын мэриясы спортчуларды жана машыктыруучуларды жеңиштери менен чын жүрөктөн куттуктап, жаңы ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий