• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэри тиешелүү кызматтарга көйгөйлүү тилкелердеги тыгындарды жоюуну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтар менен биргеликте унаа тыгыны көп болгон жолдордун көйгөйлүү жерлерин текшерип чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы "Мадина" базарынын унаа токтотуучу жайын, ошондой эле Абдрахманов көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишин изилдеп чыкты.

Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү максатында ал Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине, "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесине, милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына, "Бишкасфальтсервис"муниципалдык ишканасына тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий