• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек мэри Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки борбордун – Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Эмилбек Абдыкадыров мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде, элчи мэрди 24-марттан 26-мартка чейин Ташкентте өтө турган биринчи Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышууга чакырды.

Маалымат үчүн: 1996 жана 2017-жылдары Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкенттин акимчилигинин ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган.

1993-жылдын 4-сентябрында Бухара шаарынын акимиаты менен кызматташуу, ошондой эле Самарканд облусу менен экономикалык жана маданий кызматташтык жөнүндө келишимдерге кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий