• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэри жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын жетекчилери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Кабар/. Бишкек мэри Албек Ибраимов жүргүнчүлөрдү ташыган ассоциациялардын жана фирмалардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

“Кичи автобустардын иш таштоосуна байланыштуу түзүлгөн жагдайга карата мэрияда шаар башчы Албек Ибраимов менен кичи автобустук каттамдардын ассоциацияларынын жана фирмаларынын жетекчилеринин жолугушуусу өттү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө кырдаалдын түзүлүшүнө алып келген себептер угулду.

Ибраимов мэрия ташуучулар менен маселелерди талкуулоого даярдыгын билдирип, алды менен шаардыктардын кызыкчылыктары эске алынарын билдирди. Ошондой эле мэр түзүлгөн жагдайда тараптар бири-бирин угуп, “Жүргүнчүнүн алдындагы жүк ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын камсыздоо маанилүү экенин белгиледи.

Компаниялардын өкүлдөрү шаар башчынын пикири менен макул болушуп, айдоочулар арасында камсыздандыруу жана жакынкы арада кичи автобустардын ишин калыбына келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убада кылышты.

Пикир

Оставить комментарий