• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэри жана "Тынчтык" конушунун тургундары көрктөндүрүү маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын жаңы конуштарын текшерүүнү улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолу шаар мэри «Тынчтык» конушунун жашоочулары менен жеке турак жайды мыйзамдаштыруу жана аймакты көрктөндүрүү тууралуу баарлашты.

Шаардыктар мэрге жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, үйлөрдү таза суу менен камсыз кылуу, коомдук транспорттордун санын көбөйтүү жана башка турак жай комплексин жакшыртуу маселелерин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Жеринде муниципалитеттин башчысы шаардык кызматтарга тапшырмаларды берди:

• Шаардык транспорт башкармалыгы - №9 каттамдын кыймылдуу курамын көбөйтүү маселесин кароо;

• Ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн төмөнкүлөрдөн турган жумушчу топ түзүлсүн: Бишкек шаары боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, «Бишкексууканал» башкармалыгы, коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы жана Биринчи май райондук администрациясы;

• Ошондой эле шаардык тиешелүү кызматтар белгиленген тартипте инженердик тармактарды жана жол курууну ишке ашырууну карап чыгышы керек.

Шаардыктар менен жолугушуулар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий