• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров жаш манасчыны кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 10 жаштагы манасчы Касымбек Бердикуловду кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Касымбек Бердигулов жалпы Баткен облусунан чыккан биринчи жана кичинекей манасчы.

Касымбек Бердигулов Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Жети-Таш айылында жашайт. Учурда Шер Ташполотов атындагы орто мектебинде 4-класста окуйт. Ал 33 миң 200 окуучу катышкан “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын уюштуруу тобу менен 44 район, 32 шаарды кыдырып, Манас айтып келген. Манастын 3 окуясын жатка билген Касымбек шаар жетекчисине анын бир окуясынан үзүндү айтып берди. Баарлашуу учурунда калаа башчысы Касымбектин Манас дүйнөсүнө кандайча аралашып калгандыгына кызыкты. Анда ал, айылына чоң манасчылар баргандыгын, ошондон улам кызыгуусу артып, кичине инисине Манасты айтып берип, жаттатып жүрүп өзү дагы аралашып кеткендигин сөз кылды.

Кичине манасчыга калаа башчысы ыйык өнөрдү аздектеп жүргөндүгүнө ыраазычылыгын айтты.

"Манас кыргыз элинин көөнөрбөс рухий байлыгы. Аны ар бир кыргыз билиши керек. Биздин ата-мурас салтыбыз, үрп-адатыбыз, дилибиз, тилибиз анда камтылган. Башка улут бизди көптөгөн баалуулуктарыбыз аркылуу улут катары тааныган болсо, ошонун сап башында Манасыбыз турат. Бул ыйык өнөрдү ушул жаштан аздектеп алып жүргөндүгүң - бул сенин кыргыз элинин уучу куру эмес улут катары кылымдарга жашап кала берээринин чоң белгиси. Баарыбыз сенин бул жөндөмүнө суктанабыз, сыймыктанабыз жана ар дайым колдоп турабыз. Ак жолуң ачылсын"- деди мэр Эмилбек Абдыкадыров.

Жолугушуу соңунда шаар жетекчиси кичинекей манасчы Касымбек Бердигуловго жакшы тилектери менен бирге белектерин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий