• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек мэри жолдорду оңдоо иштерин тездетүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүн кыдырып, жеринен таанышууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 22-сентябрда ал "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына барды.

Мэр шаардык кызматтын ишмердүүлүгү менен таанышып, иш процессинин уюштурулушуна нааразычылыгын билдирди.

Айбек Жунушалиев ишкананын аймагында шаардын муктаждыктары үчүн зарыл болгон брусчатка, бордюр, ирригациялык арыктардын кошумча өндүрүшүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле иштин сапатын көзөмөлдөөнү оптималдаштыруу жана оңдоо процесстерин тездетүүнү, жол белгилерин орнотууну жана жолдорго жол белгилерин чийүү зарылдыгы тууралуу айтты.

Пикир

Оставить комментарий