• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкек мэри Жунушалиев Беларустун өнөр жай министри менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин Беларусь Республикасынын өнөр жай министри Петр Пархомчик менен жолугушуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Бишкек шаарынын мэри конокторго «МАЗ» ААКсы чыгарган, газ менен жүрүүчү жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун экологиялык жактан таза түрлөрүн, ошондой эле «Белкоммунмаш» ААК чыгарган электр транспортун сатып алуу зарылчылыгы тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Петр Пархомчик жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды чыгарууга жана жеткирүүгө даяр экендигин тастыктады. Беларусь тарап декабрь айында тесттик байкоо үчүн газ кыймылдаткычындагы биринчи сыноочу бирдигин жеткирүүнү камсыздоого даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Беларусь делегациясы менен Бишкекке автобустарды жеткирүүнүн шарттарын талкуулады.

Тараптар макулдашуу долбоорунун пункттарын талкуулашты, ага ылайык беларусь тарап Бишкек шаары үчүн беларусь өндүрүшүндөгү автобус жабдууларын жеткирип баштоого даяр. Тараптар эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен келишимдин долбоорун талкуулоону улантууну макулдашты.

Эске салсак, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Беларустун премьер-министри Роман Головченко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жүрүшүндө Бишкек шаарына коомдук транспортту жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Пикир

Оставить комментарий