• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясы эки бала бакчаны оңдоо иштерине тендер жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы №8 жана 16 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине тендер жарыялайт.

Муниципалтеттин басма сөз кызматы билдиргендей, №8 мектепке чейинки билим берүү мекемеси 4 тайпага жана 120 балага ылайыкталган. Оңдоло турган имараттын жалпы аянты 600 чарчы метрди түзөт. Ал эми №16 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жалпы аянты 1000 чарчы метр. Имарат 6 тайпага жана 150 балага ылайыкталган.

"Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ички жана тышкы инженердик тармактарды алмаштыруу менен жалпы оңдоо иштери пландалууда. Ошондой эле электр тармактары да оңдолот", - деп белгилешти мэриядан.

Мындан тышкары, жашылдандыруу иштери да пландаштырылууда.

Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган: www.zakupki.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий