• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясы №110 кичиавтобустук каттамды ташуучу ишканага убактылуу бекитип берүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти №110 кичиавтобустагы абалды тактап жатат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, каттам «Ак-Жолтой» ААКсына бекитилген, бирок Бишкектин кичиавтобусттук каттамдарын инвентаризациялоодо №110 каттам кыймылдуу курамдын жана айдоочулардын жетишсиздигинен көптөн бери иштебей жаткандыгы аныкталган жана ушуга байланыштуу каттамдын иши токтотулган.

Бул ишкананын жетекчилигине бир нече жолу мыйзам бузуулар жана аракеттер тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн, бирок жетекчилик тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Транспорт департаменти тендер өткөрүлгөнгө чейин бул каттамды техникалык жактан кыймылдуу курамы бар жүк ташуучу ишканага убактылуу бекитип берүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий