• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясы: №7 жана №8 троллейбустар кайрадан "Ак-Өргө" конушуна каттайт

Коом 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрынан баштап №7 жана №8 троллейбустук каттамдар мурдагы схема боюнча каттайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ашар көчөсүндөгү оңдоо иштеринин бүткөндүгүнө байланыштуу троллейбусттук каттамдар "Ак-Өргө" конушуна чейин каттай баштайт.

Белгилей кетсек, буга чейин Өмүракунов көчөсүнүн Т. Фрунзеден Ашарга чейинки оңдоо иштерине байланыштуу эки троллейбустун каттамынын кыймылы убактылуу өзгөртүлгөн.

Эми №7 троллейбус маршруту мурда түзүлгөн график боюнча Туңгуч кичи районунан Ак-Өргө конушуна чейин, 17 троллейбус линияда 8-10 мүнөттүк аралыкта жүрөт;

-№8 троллейбустук каттам Чыгыш автобекетинен Ак-Өргө конушуна чейин каттайт, 13 троллейбус 9-10 мүнөт аралык менен линияга кирет.

Пикир

Оставить комментарий